1-курстарды кабыл алуу аземи болуп өттү

2022-жылдын 15-ноябрында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин башкы имаратынын чоң жыйындар залында үч факультеттин 1-курстарын кабыл алуу аземи болуп өттү.
Майрамдык иш-чара окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Топчубай Исаков, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Сыргак Сарыков, эл аралык байланыштар, инвестиция жана инновация боюнча проректору Аида Балтабаева, бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиевдин жана инженердик-технологиялык, гуманитардык-педагогикалык, табигый-педагогикалык жана маалыматтык-технологиялар факультеттеринин декандарынын куттуктоолору менен башталды.
Кеченин жүрүшүндө жетекчилер 1-курстун студенттерине студенттик билет менен сынак китепчелерин тапшырып, жалаң гана жакшы бааларды алгыла деген каалоо-тилектерин билдиришти. Майрамдык иш-чара студенттер тарабынан даярдалган ыр, бий, кызыктуу оюн-зоок менен коштолуп, келген көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.