Студент күткөн окутуучу кандай болуш керек?

2023-жылдын 29-март күнү «Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары» илимий-изилдөө борборунун кезектеги илимий-методикалык семинары болду.
Анда “Окуу керемет” долбоорунун Ош обулусу боюнча координатору, Ош билим берүү институтунун тажрыйбалуу методисти Аматов Советбек Машрапович “Окутууну билим алуучунун муктаждыктарына ылайык уюштуруунун маселелери” деген темада интерактивдүү семинар-тренинг өтүп берди.
Семинардын катышуучулары “Студент күткөн окутуучу кандай болуш керек?” деген суроонун алкагында кеңири маалыматтарга ээ болушту. Семинар угуучулардын кызыгууларын жаратып, көптөгөн суроо-жооптор менен коштолду.
Семинар-тренингдин аягында КӨЭАУнун окуу иштери боюнча проректору Исаков Топчубай Эргешович тренер Советбек Аматовго университеттин жетекчилигинин атынан ыраазычылык билдирди.