Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөн “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” жана “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” сынагында “Жылдын мыкты тарбиячысы” деп Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин бүтүрүүчүсү жана учурдагы студенти (экинчи билими боюнча), Ош шаарындагы №35 Асан-Үсөн мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Калмаматова Махабат Арапбаевна табылган. Бүгүн, КР Президенти Садыр Жапаров аталган сынактардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырып, мугалим менен тарбиячынын кадыр-баркына токтолду.
![Возможно, это изображение 2 человека и текст](https://scontent.foss2-1.fna.fbcdn.net/v/t39.30808-6/466977569_1084827776985189_6629610034620874845_n.jpg?stp=dst-jpg_s720x720&_nc_cat=107&ccb=1-7&_nc_sid=127cfc&_nc_ohc=uk8_WlfAbvkQ7kNvgGfieF3&_nc_zt=23&_nc_ht=scontent.foss2-1.fna&_nc_gid=ATdXfdAgZqtIGtRZfeRfQ_5&oh=00_AYBgnm1UAhpdKmxxa85dAAeiCys_8R4_jo8o2t6djwhGxg&oe=67452A02)