АКШнын Лайф Университетинин өкүлү конокто

АКШнын Джорджия штатында жайгашкан Лайф Университетинин (Life University www.life.edu) эл аралык программалар департаментинин директору Сайрагүл Матикеева-Кинни(Sairagul Matikeeva-Kinney) университеттин эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция боюнча проректору, профессор А.Т.Балтабаеванын кабыл алуусунда болуп, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети жана Life университеттери ортосунда илимий, окуу-методикалык алака түзүү мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруу тууралуу талкуулашты.
Андан соң тарых-филология факультетинин студенттери жана окутуучулары менен жолугушту. Жолугушууда Dr.Sairagul Matikeeva -Kinney “Америкадагы жогорку билим берүү системасы жана Life Университетиндеги чет өлкөлүк студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр”- деген темада баарлашуу өткөрүп, Life университети тууралуу кеңири маалымат менен бөлүшүп, баарлашуунун жүрүшүндө жалпы катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.
Жолугушуунун акырында факультеттин деканы, п.и.к., доцент Н.Д.Тилекова келген конокко ыраазычылык билдирип, АКШнын Life университети менен байланышты күчөтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.