«АКЫЛ ОРДО» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү

Бүгүн, 2-апрель күнү кесиптик колледждин “Математика жана табигый сабактар” бирикмеси тарабынан математика предмети боюнча «АКЫЛ ОРДО» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.
Иш чарага Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун илимий иштери боюнча проректору, т.и.д., профессор Медербек Исманов, кесиптик колледждин директору, ф.-м.и.к., Чолпонай Абдуллаева катышып, математика логиканы, тунук акылды жана сынчыл ойлонууну өнүктүрүп, акылды тартипке салаарын айтышып, жалпы катышуучуларга ийгилик каалашты.
Акыл ордодо суроолор 5 багытта түзүлүп, 5 раунда өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Иш чаранын негизги максаты студенттердин математикага болгон кызыгуусун арттырып, студенттердин логикалык ой- жүгүртүүсүн жана кругозорун кеңейтүү.