Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилиги жана эмгек жамааты улуттук тарыхты жана мурастарды даңазалоого өз үлүшүн кошууда.
Улуттук боз үй тигип, кыргыздын меймандостугун жана маданиятын чагылдырууда. Улуттук аспаптарда кол ойнотуп, конокторго майрамдык маанай тартуулап атышат.
Эскерте кетсек, бүгүн юбилейлик иш-чаралардын алкагында “Кыргызстандын тарыхында Алымбек Датканын Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү орду жана ролу” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
Элдик духту көтөргөн улуттук күрөш жана көк бөрү мелдештери, шырдак фестивалы уюштурулду.
Ошондой эле, Алымбек Датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтыштын тандоо туру болуп өттү.
Жарым финалга 16 кыргыз төкмө акыны жана 4 казак акыны жолдомо алышты.