Ата мекендик жана чет өлкөлүк эксперттик курамдан турган Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги программалык аккредитациядан өткөрүү үчүн Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өз ишин баштады.

Эксперттик комиссия окуу жайдын жетекчилиги менен жолугуп, уюштуруу иштери боюнча макулдашты. Жолугушуудан кийин алар университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты. Ага улай эле эксперттер аккредитациядан өтүп жаткан багыттардын иш кагаздары менен таанышуу максатында жабык жыйынга чогулду.
Эки күнгө белгиленген иш программасында эксперттик топтун студенттер жана бүтүрүүчүлөр, ата-энелер ж.блар менен жолугушуп, сурамжылоолорду өткөрүшү белгиленген. Ошону менен катар эле ишмердиги комиссиянын кароосуна коюлган багыттар билим берүү ишмердигин жүргүзүп жаткан окуу корпустарынын материалдык-техникалык базалары, шарттары менен таанышып чыгышы каралган. Эскерте кетсек, Б.Сыдыков атындагы Эл аралык университетинин курамындагы магистратура, тарых-филология факультети, медициналык жана кесиптик колледж программалык аккредитациядан өтүүдө.