Ата-энелер, бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу болду

Кечээ, 21-декабрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинде студенттердин ата-энелери, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү.
Иш чараны университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, конокторго Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети жөнүндө кыскача маалымат берип, балдарынын келечеги үчүн окуу жай менен тыгыз байланышта болгон ата-энелер жамаатына жана университеттин мыкты бүтүрүүчүлөрүнө ыраазычылык билдирди. Ата-энелерге, бүтүрүүчүлөргө университеттин жана факультеттин Ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Тарых-филология факультетинин деканы Назира Тилекова 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарып, окутуучуларга, студенттерге грамоталарды тапшырып, факультеттин жасаган иштери боюнча кенен маалымат берди. Иш чаранын жүрүшүндө ата-энелер, бүтүрүүчүлөр тарабынан сунуш-пикирлер айтылды. Иш чара таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.