Байгазиев Советбек Орозкановичке “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылды

Кыргыз Эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, илим-билимдин өнүгүшө өз салымын кошуп келе жаткан академик Советбек Орозканович Байгазиевге Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен университеттин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.
Аталган сыйлыкты окуу жайдын ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович Ала-Бука кесиптик колледжинин 25 жылдыгына жана Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген мугалим Салийма Рысбаеванын 70 жылдык маарекесине арналып өткөрүлгөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда тапшырды. Советбек Орозканович университеттин жетекчилигине, жалпы жамаатка ыраазычылыгын айтып, окуу жайдын илимий ишмердүүлүгүнө жакындан жардам берүү аракетин көрөрүн билдирди.
КӨЭАУнун маалымат кызматы