Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт

 Кесиптик колледжде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата адабий-музыкалык кече болуп өттү.
Кесиптик колледждин таланттуу студенттери Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарып, учкул сөздөрүн айтып, акындардын Ч.Айтматовго арнап жазган ырларын көркөм окушту.
Адабий иш чарага окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Медербек Исманов, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Сыргак Сарыков, бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев, кесиптик колледждин директору Чолпон Абдуллаева, окуутуучулар, студенттер катышты.