Бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик кызматка жайгашуу боюнча маалымат берилди

Бүгүн, 14-майда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин бүтүрүүчүлөрү үчүн “Мамлекеттик кызматка жайгашуунун өзгөчөлүктөрү” аталышында иш чара болуп өттү. Иш чара КӨЭАУнун аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин өндүрүш менен байланыш, жумушка жайгаштыруу жана карьераны өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулду.
Бүтүрүүчү курстун студенттерине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы, КӨЭАУнун бүтүрүүчүсү Ыбышова Гүлмира Тагайбековна мамлекеттик кызматка жайгашуунун шарттары боюнча кенен түшүндүрмө берди.