Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди

   Улуттук баалуулуктарды даңазалаган бул салтанат университеттин №7 окуу имаратынын короосунда медициналык колледждин эмгек жамааты тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулду.
  Байыркы ата-бабаларыбыздан мурас болуп келген Нооруз майрамы бул күнү өзгөчө маанай тартуулап, келген конокторго унутулгус таасир калтырды.
  Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев жана колледждин директору Насыр Талипов куттуктоо сөздөрүн айтып, жалпы жамаатты жаз майрамы менен куттукташты.
  Медициналык колледждин таланттуу профессордук-окутуучулар курамы тарабынан даярдалган концерттик программа өзгөчө көрк берди. Улуттук каада-салттар көрсөтүлүп, элдик ырлар жаңырып, коноктордун маанайын көтөрдү
  Бул майрамдык иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Тынчтыкбек Досмуратов, Рекорд билим берүү борборунун директору Шекербек Нишанов жана Германиядан келген окумуштуулар да катышып, университеттин жамаатына меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.
  Нооруз – жаңылануунун, биримдиктин жана жакшылыктын майрамы. Мындай иш-чаралар улуттук маданиятыбызды сактоого жана өнүктүрүүгө чоң салым кошот.
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение помост и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение один или несколько человек