“Гарри Поттер Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде”

Кечээ, 20-декабрда “Гарри Поттер Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде” аталышындагы сахналаштырылган кече тарых-филология факультетинин англис филологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулуп, университеттин чоң жыйындар залында болуп өттү.
Майрамдык иш чара университеттин ректору, профессор А.А.Мамасыдыков баштаган жетекчиликтин англис, немис тилдериндеги жаңы жылдык видео-куттуктоолору менен ачылды.
Англис тилдүү өлкөлөрдө кеңири тараган “Гарри Поттер” чыгармасынын персонаждарынын образындагы англис филологиясы кафедрасынын студенттери жана окутуучулар жамааты бул чыгарманы англис тилинде сахналаштырып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Кече түрдүү конкурстар, бийлер, ырлар менен коштолду.
Студенттер тарабынан жасалган”Рождество”майрамынын жасалгалары кеченин көркүнө көрк кошуп, көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Иш чаранын аягында таланттуу студенттер аныкталып, түрдүү номинациялар боюнча факультеттин деканаты тарабынан баалуу сыйлыктар тапшырылды.
и ещё 17
Все реакции:

Суйор Таштемиров, Сагынбек Маманов и ещё 25