“Гидроэнергетикалык орнотуулар ” деген темада конок лекция өтүлдү

Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун инженердик-технологиялык факультетинин машина таануу жана энергетика кафедрасы тейлеген 640200. Электроэнергетика жана электротехника багытынын студенттерине ОшТУнун электр жабдыктары жана жылуулук энергетикасы кафедрасынын доценти, т.и.к., Т.Дж.Джолдошева “Гидроэнергетикалык орнотуулар ” деген темада конок лекция өтүп берди.
Лектор Т.Джапаровна өзүнүн педогогикалык чеберчилигин колдонуу менен конок лекцияны акыркы үлгүдөгү заманбап инновациялык технологиялардын жардамында кызыктуу жана мазмундуу өттү. Кафедра башчысы, т.и.к., З.К.Эрмекова мындан ары да эки окуу жайдын билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу иштери жана кызматаштыгы улана берерин баса белгиледи.
Инженердик-технологиялык факультетинин деканы т.и.к., доцент, И.Э. Исаев атайын убакыт бөлүп конок лекция өтүп берген Т.Дж.Джолдошевага ыраазычылык билдирип, уюштуруучу “Машина таануу жана энергетика кафедрасынын” башчысы т.и.к., З.К. Эрмекова эжекенин ишитерине ийгилик каалап, студенттерди сапаттуу билим алууга үндөдү.