“Ден-соолук – 2024” спартакиадасы башталды

Бүгүн, 17-майда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Ош облустук комитети тарабынан билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер арасында “Ден-соолук – 2024” спартакиадасы башталды.
Спорттук иш чаранын ачылышында Ош облустук Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун төрагасы, КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, жогорку окуу жайларынын бириккен профсоюз уюмдарынын төрагалары катышып, 2 күндүк спорттук иш чарага ийгилик каалашты.
Спорттук мелдешке райондук билим берүү мекемелеринен жана жогорку окуу жайларынан командалар катышып жатат. Бүгүн спорттун 6 түрү боюнча 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку курактар арасында Ош шаарында жайгашкан төрт жогорку окуу жайларынан түзүлгөн командалар күч сынашты.
Эртең, аталган спорттун 6 түрү боюнча Ош облусунун райондорунда жалпы билим берүү ишмердигин жүргүзүп жаткан орто мектептердин кызматкерлеринин арасында улантылат. Тандоо турунан жеңүүчү катары табылган командалар көгүлтүр Ысык-Көл жээгинде өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын профсоюздар бирлиги тарабынан уюштурулган спартакиадага жолдомо алышат.