“Ден-соолук – 2024” спартакиадасы жыйынтыкталды

Үстүбүздөгү жылдын 17-18-май күндөрү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Ош облустук комитети билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер арасында “Ден-соолук – 2024” спартакиадасын өткөрдү.
Эки күнгө созулган спорттук иш чарада райондук, шаардык билим берүү мекемелеринен жана жогорку окуу жайларынан командалар катышып спорттун 6 түрү боюнча күч сынашты.
Жеңүүчү командалар Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Ош облустук комитети тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Аталган спорттук иш чараны уюштурууга Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилиги, бириккен профсоюз уюму, маалымат кызматы, “Достук” спорт клубу, дене тарбия мугалимдери жакындан көмөк көрсөттү.
Райондордон келген билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү спорттук иш чара жогорку деңгээлде өткөндүгүн айтып, уюштуруучуларга жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.