“Жибек-жолу марафону 2024” массалык чуркоо иш чарасы

Бүгүн, Ош шаарында “Жибек-жолу марафону 2024” массалык чуркоо жарыштары болуп өттү. Аталган марафонго 14 жаштан жогорку курактагы катышуучулар катышып 3, 5, жана 10 чакырым аралыктагы категорияларда жарыштар уюштурулду.
Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык маарекесине карата өткөн “Жибек-жолу марафону 2024” спорттук иш чарасына Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын ректорлору баштаган профессордук-окутуучулар жамааты дагы активдүү катышып, массалык чуркоо иш чарасы жогорку деңгээлде өткөндүгүн билдиришти.