«ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселелери» аталышындагы форум өтүүдө

Бүгүн, 24-октябрда, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жогорку окуу жайларда мамлекеттик тилди окутуу жана анын абалы талкууланып жатат. Форумга Билим берүү жана илим министри Д.Ш. Кендирбаева, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К. Мураталиев, ЖОЖдордун ректорлору, проректорлору жана мамлекеттик тил боюнча эксперттер, ал эми Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинен кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы Бактыгүл Исмаилова катышууда.
Форумда каралып жаткан маселелер:
ЖОЖдордогу окутуу тилдери боюнча көйгөйлөр;
Бүтүрүүчү курстар үчүн кесипке багытталган иш кагаздарын окутуу курсун киргизүү;
Окуу куралдарын чыгаруу жана башка тилдерден которуу;
Кыргыз филологиясы факультеттеринин программасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү (котормо, терминология сабактарын);
Тажрыйбалуу окутуучулардын автордук усулдарын ЖОЖдор арасында жайылтуу;
Окутуучуларды жана мугалимдерди квалификациясын жогорулатуу;
Кыргыз тилин эне тил, экинчи тил жана чет тили катары окутуу маселелери.
Бул иш чара мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн маанилүү кадамдарынын бири болуп саналат. Ар бир жогорку окуу жайда кыргыз тилинин ордун бекемдөө жана аны билим берүүдө негизги тил катары жайылтуу боюнча иштер жүрүп жатат.