Кабыл алуу аземи өттү

Бүгүн, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин каржы-экономика, юридика-бажы, тарых-филология факультеттеринин 1-курсунун студенттеринин кабыл алуу кечеси уюштурулду.
Иш чарага окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Сыргак Сарыков, аталган үч факультеттин декандары, окутуучулар жамааты, студенттер катышты. 1-курстун таланттуу студенттери көркөм окуп, обондуу ырларды аткарып конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.