Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата диспут уюштурулду

Бүгүн, 30-апрелде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү жана анын тарыхый мааниси” деген темада диспут өткөрүлдү.
Кесиптик колледждин тил жана коомдук сабактар бирикмеси тарабынан уюштурулган диспуттук аянтчанын коногу ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин доценти, т.и.к. Смадияров Сыдык Акунович болуп, студенттерге кызыктуу баяндама жасап берди. Сыдык Акунович студенттерге тарыхты билмейинче, келечекти көрө билүү мүмкүн эмес экенин айтып, эртеңки жаркын келечегибиз үчүн өз тарых-таржымалыбызды унутпоого чакырды.