Каржы-экономика факультети: КВИЗ-акыл таймаш оюну өттү

2024-жылдын 22-апрелинде Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз- Өзбек Эл аралык университетинин каржы-экономика факультетинде студенттер аралык КВИЗ-акыл таймаш оюну болуп өттү.
Акыл таймаш каржы-экономика факультети, кесиптик колледжинин “экономика жана укуктук сабактар” бирикмеси жана Бишкек мамлекеттик университетинин экономика, финансы жана бухгалтердик эсеп кафедрасынын доценти, э.и.к., “Кыргызстан” топтолмо фондунун башкы директорунун орун басары Башарат Молдокулова менен биргеликте уюштурулду
КВИЗ оюну 4 этаптан туруп, жалпысынан 5 команда катышты. Жыйынтыгында “Кыргызстан” топтолмо пенциялык фонду тарабынан I орунду алган «Кредит» командасына сертификат жана 5000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык, II орун «Акционеры» командасы сертификат жана 3000 сом,
III орунду “Депозит” командасы сертификат жана 2000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Каржы-экономика факультетинин деканы э.и.к., профессор Шайдилла Шакиев иш чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, жеңишке жеткен 3 командага атайын сертификаттарды тапшырды.