Кесипке багыт берүү максатында мектеп окуучулары үчүн математика предмети боюнча олимпиада уюштурулду

2024-жылдын 21-май күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык универстетинин табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин жамааты Папан айыл аймагына караштуу орто мектептердин 8-9-класстын окуучуларынын арасында математика предмети боюнча олимпиада уюштурду.
Кесипке багыт берүү максатында өткөн олимпиадага жалпы 11 мектептин окуучулары катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, 1-орунга 40 000 сом, 2-орунга 20 000 сом, 3-орунга 10 000 сом акчалай сыйлыктар берилди. Жаш жеткинчектерди билимге жана илимге шыктандыруу максатында өткөн олимпиада жогорку деңгээлде өткөндүгүн мектеп директорлору, айыл тургундары баса белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.
Аталган олимпиадага “КУТ” курулуш компаниясынын жетекчиси Жоомарт Сулайманов демөөрчүлүк кылып, акча каражатын бөлүп берген.
КӨЭАУнун маалымат кызматы