Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болду

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун аталган университеттин базасында эл аралык медициналык факультетин ачуу демилгесинин негизинде, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышуу үчүн КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош облусунун саламаттыкты сактоону координациялоо жана башкаруу борборунун директору Шаятбек Абдурахманов Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келишти.
Конокторду ректор Абдилбает Мамасыдыков баш болгон окуу жайдын жетекчилиги тосуп алды. Алар окуу жайдын жетекчилигинин коштоосунда университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты. Министр А.Бейшеналиев Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында эл аралык медициналык факультеттин ачылышын колдой турганын жана окуу куралдары менен камсыздалышына колдоо көрсөтөрүн билдирди.