Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Ачык эшиктер” күнү өттү

Бүгүн, 11-майда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин башкы имаратында кесипке багыт берүү максатында «Ачык эшиктер” күнү болуп өттү. Аталган иш чарада окуу жайдын факультет, колледж, лицейлери билим жарманкесин, кесиптердин парадын, мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн атайын сынактарды уюштурушту.
Андан соң, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович келген конокторго окуу жайдын жетекчилерин тааныштырып, университет тууралуу кыскача маалымат берип, жаштарды татыктуу билим алууга үндөдү.
Иш чаранын жүрүшүн Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин мыкты бүтүрүүчүлөрү улантып, таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. “Ачык эшиктер” күнүнө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрү, мугалимдери, ата-энелер конок катары чакырылган.
Келген коноктор каалаган адистиги боюнча маалымат алып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар, ойлоп табууларга күбө болуп, университеттин бардык факультет, колледждеринин материалдык-техникалык базасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Кесипке багыт берүү иш чарасына 2000ге жакын мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты.