Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окумуштуулары эл аралык симпозиумда

2024-жылдын 11-14-июнь күндөрү Азербайжандын Баку шаарында Нийде Өмер Халисдемир университети (Туркия), Казак улуттук кыздар университети (Казахстан) жана Баку Евразия университети (Азербайжан) тарабынан өткөрүлүп жаткан “XI эл аралык Түрк дүйнөсү изилдөөлөрү” аттуу түрк тилдүү элдердин симпозиуму өтүп жатат.
Аталган симпозиумга КӨЭАУнун тарых-филология факультетинин деканы, доцент Каденова Жаннат Токтомаматовна жана кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Исмаилова Бактыгүл Таштемировналар илимий баяндамалары менен катышып, түрк тилдүү өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын окумуштуулары менен илимий-теориялык жактан пикирлешип, илимий изилдөө ишмердүүлүктөрдү биргеликте жүргүзүүнү мерчемдешүүдө.
Эл аралык симпозиумдун иши 14-июнга чейин уланат.