Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кыргыз патент менен биргелешкен тегерек стол өттү

Бүгүн, 18-май күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен Кыргыз патент биргелешип уюштурган “Аялдар жана интеллектуалдык менчик – инновациялардын жана чыгармачылыктын катализатору” аттуу тегерек стол университеттин маданий эстетикалык комплексинде болуп өттү. Иш чаранын башында тегерек столго келген коноктор “Идеялар жарманкеси” менен таанышып чыгышты.
Чоң жыйындар залында башталган жыйындын расмий бөлүгүндө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилигине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин башчысына сөз берилди. Сөз кезегинде алар уюштурулуп жаткан иш чаранын маанисине токтолуп, дүйнөлүк ойлоп табуучулардын катарында ойлоп табуучу кыргыз айымдарынын орду чоң экендигин баса белгилешти. Андан соң Кыргыз патент тарабынан буга чейин ойлоп табуу багытында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.
Аземден кийин ойлоп табуу багытындагы аялдардын орду, жетишкен ийгиликтери жөнүндө Кыргызстандын түштүгүңдө адистик билим берүү ишмердигин жүргүзүп жаткан жогорку окуу жайларынын окумуштуу айымдары жана Кыргызппатенттин өкүлдөрү атайын баяндама менен чыгышты.
Тегерек столдун катышуучулары тарабынан айтылган сунуштар иш чараны улантты. Ага улай эле жыйындын катышуучулары резолюция кабыл алышты.
Иш чара Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин инженердик-технологиялык факультетинин уздары тарабынан даярдалган “Көп кырдуу Кыргызстан–2023” улуттук кийимдердин жаңы коллекциясынын презентациясы менен жыйынтыкталды.