Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Билим күнүн майрамдык маанайда тосуп алды

Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш шаарчасында жайгашкан окуу жайдын 2-окуу имаратынын алдында уюштурулган салтанаттуу жыйынга университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, ф.и.к., доцент Сарыков Сыргак Токтосунович, бирикке профсоюз уюмунун төрагасы Эгембердиев Шералы Маннабович, факультеттердин декандары, колледждердин директорлору, жалпы окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Куттукктоо сөзүндө ректор А.А.Мамасыдыков Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети 30 жыл аралыгында татыктуу адистерди даярдап чыгарганын белгилеп, окуу жайдын босогосун жаңыдан аттап жаткан 1- курстун студенттерине ак жол каалады.
Ал эми окуу жайдын башкы имаратынын алдында уюштурулган салтанаттуу жыйынга университеттин окуу иштери боюнча проректору, ф-м.и.к., доцент Зулпукаров Алтынбек Зулпукарович баштаган жетекечилер, факультет декандары, профессордук окутуучулар курамы катышты.
Куттуктоо сөзүнө чыккан жетекчилер университеттин артыкчылыктары боюнча маалымат беришти. Ага улай эле Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде достук аркылуу илим-билимге багыт алган студенттер окугандыгын белгилешти.
Алардын катарын толуктаган 1-курстун студенттерине ишеним чоң экендигин айтышып, майрамдык маанайда башталган окуу жылы ийгиликтер менен коштолушуна тилектеш экендиктерин билдиришти. Салтанатты окуу жайдын чыгармачыл жаштары тарабынан даярдалган концерттик прогорамма улантты.