Бүгүн, 10-сентябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, тарыхый инсан Алымбек датканын 225 жылдыгына карата чоң маданий окуя болду.

Жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун «Алимбек Датканын арманы» аттуу китебинин бет ачарына адабият күйөрмандары, университеттин жетекчилиги жана студенттер катышты.

КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Алымбек датканын мамлекеттик деңгээлде белгиленип жаткан мааракеси жана жазуучу Абдыкерим Муратовдун илимий-чыгармачылык эмгектери тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди жана тарыхый эмгектин авторун университеттин стартап борборунда даярдалган эстелик белектер менен сыйлады.

Иш-чарага катышкан окурмандар жана окумуштуулар роман боюнча ой-пикирлерин бөлүшүп, китептин тарыхый жана көркөм баалуулугун белгилешти. Адабият кечеси автор менен окурмандардын ортосунда суроо – жооп, баарлашуу менен уланды.

Эскерте кетсек, иш-чараны Тарых-филология факультети жана Коммуникация жана медиа департаменти уюштурду.