КӨЭАУда студенттердин Жаңы жылдык майрамы уюштурулду

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Студенттик жаштар комитети уюштурган Жаңы жылдык кечеге мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Сыргак Токтосунович, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректор Аида Тынайбековна, бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Маннапович, декандар, декандын орун басарлары катышып, майрамдык иш чара мыкты деңгээлде өттү.
Университеттин бардык түзүмдөрүнөн студенттер катышты. Окуудагы жетишкендиктери жана коомдук иштердеги активдүүлуктөру үчүн мыкты студенттер Ош шаарынын, Ош шаарынын жаштар комитетинин, университеттин жана университеттин бириккен профсоюз уюмунун Ардак грамоталары менен сыйланышты.