2025-жылдын 20-январында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы №209 “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы тууралуу маалымат берүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын болуп өттү.
Аталган жыйынга КӨЭАУнун жетекчилиги жана жалпы эмгек жамааты катышты. Жыйындын катышуучуларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларындагы беренелерге өзгөртүүлөр киргендиги айтылып, мындан ары укук коргоо органдары коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы аёосуз күрөшкө багыт алгандыгы тууралуу кенен маалыматтар берилди.
КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков буга чейин сот, прокуратура, укук коргоо органдарында кызмат өтөө тартибин жөнгө салган мыйзамдарда соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан, соттуулугу болгон учурда кызмат өтөөгө тыюу салынганын, мындан кийин ушул жагдайды эске алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге дагы ушундай ченемдер киргизилгенине токтолуп, коррупцияга тийешеси барлардын өзүнө эле эмес, бир туугандарына, балдарына жумушка жайгашуусуна залалы тийерин айтып, жалпы жамаатты коррупциядан оолак болууга үндөдү.