КӨЭАУнун окумуштуулары Бишкек шаарында иш сапарында болушту

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин илим жана инновация боюнча проректору, тех.и.д., профессор Исманов Медербек Марипжанович, инновациялык технологиялар илим-изилдөө институтунун директору, б.и.д., профессор Самиева Жыргал Токтогуловна, табигый педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы, ф.-м.и.к., профессор Жээнтаева Жумагүл Кеңешовна, маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасынын башчысы, тех.и.к., доцент Өмурбекова Гулзат Кочкорбаевна, машина таануу жана энергетика кафедрасынын башчысы, тех.и.к., доцент Эрмекова Зулайка Карыбековна 15-16 – ноябрь күндөрү Бишкек шаарында иш сапарында болушту.
Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу жана автоматика институтунда болушуп илимий жана инновациялык ишмердүүлүктө жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу жумуштар, материалдык-техникалык база менен таанышуу, тажрыйба алмашуу аракеттери жасалды. Өзгөчө келечектүү инженердик адистиктер: компьютердик техника, робототехника, мехатроника, графикалык дизайн боюнча келечекте жасалчуу жумуштардын иреттелген тартибин түзүүгө керектүү маалыматтар алынды.
16-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) уюштурган эл аралык илимий форумга катышуу, Кыргызпатенттин Инновациялык борборунун материалдык-техникалык базасы менен таанышуу, келечекте бул багытта алып барылуучу жумуштар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.