КӨЭАУнун ректору өз каалоосу менен кызматын тапшырды

30-август күнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри К.Иманалиев атайын иш сапары менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болду.
Университеттин жамааты менен болгон жолугушууда министр достуктун алтын ордосуна айланган Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети КР Президенти С.Жапаровдун жарлыгына ылайык “Достук” ордени менен сыйлангандыгын билдирди. Ошону менен катар эле кызматтык мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу КӨЭАУнун ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев өз арызынын негизинде кызмат ордунан бошотулгандыгын кабарлады. Министр өз сөзүндө Ч.Райымбаевдин бул кадамы башка жетекчилерге үлгү боло турган татыктуу чечим экендигин баса белгиледи. Ошондой эле бул университеттин жогорку даражадагы сыйлыкка ээ болушунда, университеттин жалпы эмгек жамаатында ынтымакчылыктын сакталышында, университеттин бийик ийгиликтерди багындырышында окуу жайды 10 жыл боюу жетектеген Чаткалбай Райымбаевдин салымы чоң экендигине токтолду.
Ал эми конкурстук негизде жаңы ректор дайындалганга чейин Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректорунун милдетин аткаруу университеттин окуу иштери боюнча жаңы дайындалган проректору, доцент Алтынбек Зулпукаровго жүктөлдү.
Куттуктоо сөзүнө чыккандар министр К.Иманалиевдин кубанычтуу кабар менен университетке келишине ыраазычылык билдирип, окуу иштери боюнча проректорлук кызматка татыктуу кадрды бекитип бериши жана ага убактылуу ректорлук милдетти тапшырышы университеттин эмгек жамаатынын ынтымагынын сакталашына кошкон зор салымы катары кабыл алышаарын айтышты.
Сөз кезегинде кызматтык орун тапшырган профессор, экс-ректор Чаткалбай Райымбаев эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирип, университеттин мындан нары да өнүгүшү үчүн жамаат менен биргеликте иш алып бара тургандыгына токтолду.