КӨЭАУнун студенти Азия чемпиону болду

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович жакында эле кармаш урушу боюнча 58кг салмакта Азия чемпиону болгон, бокс боюнча спорт чеберине талапкер, КӨЭАУнун сыймыктуу студенти Курманбекова Бактыгүлдү кабыл алды.
Ректор Бактыгүлдүн жетишкен ийгиликтери менен жакындан таанышып, спортчуга буга чейин окуу жайдан ар кандай колдоолор болуп келгенин, мындан нары дагы университет ар тараптан колдоого даяр экенин айтып, алдыда боло турган мелдештерине ийгиликтерди каалады.