КӨЭАУ- Улуттук тазалык күнүндө

Бүгүн, 14-сентябрда “Улуттук тазалык күнүнө” карата өткөн ишембиликке Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучулары жана студенттери активдүү катышты. Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын ичин жана жээгин, Токтогул, Мээрим эс алуу бактарындагы жана Түштүк Чыгыш шаарчасындагы жоол жээгиндеги таштандыларды (темир, желим баштык, кагаз, жыгач ж.б.) тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Тазалоо иштерине 500дөн ашуун окутуучулар жана студенттер чыгышты.
“Улуттук тазалык күнүнө” карата өткөрүлгөн Республикалык ишембиликке активдүү катышкандыгы үчүн КӨЭАУнун жамааты Ош шаарынын мэриясы жана демөөрчүлөр тарабынан атайын сыйлыктарга ээ болушту.