Модадагы салттуу маданияттын айкалышы

Ош жергесинде өткөрүлгөн Дүйнө элдеринин эпосторунун VII фестивалынын алкагында “Модадагы салттуу маданияттын айкалышы” аттуу тегерек стол Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин маданий эстетикалык комплексинде болуп өттү. Иш чарага Россия Федерациясынын курамындагы Башкортстандан, Саха Республикасынан, коңшулаш Казакстандан атайын өкүлдөр жана өлкөбүздөгү салттуу маданият адистери келип катышты. Иш чаранын расмий бөлүгүнө чейин чакырылган коноктор университеттин кол өнөрчүлөрү тарабынан даярдалган көргөзмө менен таанышып чыгышты.
Расмий бөлүгүндөгү куттуктоо сөзүндө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция боюнча проректору, профессор Аида Балтабаева алыс-жакындан келген өнөр баккан конокторго ыраазычылык билдирди. Ага улай эле ааламдашуу алкагында ар бир элдин өздүк бийиктигин сактап калышына өткөрүлүп жаткан иш чара ар бир улуттун баалуулуктарын даңазалап турууга өбөлгө боло тургандыгын белгиледи. Ошону менен катар эле тектеш элдердин баалуулуктарын даңазалоо багытында биргелешип иш алып барышы, өз ара ынтымакты бекемдеп, тарыхыбыздын тереңдетип изилденишине, маданиятыбыздын өнүгүшүнө шарт түзө тургандыгын белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө келген коноктор университеттин кол өнөрчүлөрүнүн эмгектерине жогорку бааларын беришти.
Улуттук баалуулуктарын көрсөтүү үчүн Саха Республикасынан келген өкүлдөр кыргыз элинин меймандостугуна ыразычылыгын билдиришти. Кыргыз-якут элинин салт-санаасында, маданиятында, кол өнөрчүлүгүндө окшоштуктар көп экендигин баса белгилешти.
Жыйындын жүрүшүндө этномаданий алкактагы улуттук кийимдер, аялдардын жасалгалары, дүйнөлүк платформадагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүнүн стратегиялык планы сыяктуу бир топ баяндамалар жасалды.