КӨЭАУнун Кесиптик колледжинин жаңыланган имараты колдонууга берилди

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Кесиптик колледжине караштуу 5-окуу имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кайрадан пайдаланууга берилди.

Имараттын ачылыш аземи салтанаттуу уюштурулуп, ага университеттин ректору, э.и.д., профессор Абдилбает Мамасыдыков катышып, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар мындан ары дагы жакшырып, материалдык-техникалык база чыңдала берерин баса белгиледи.
Жаңыланган имарат – студенттер үчүн заманбап билим алууга, ыңгайлуу шарттарда окууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Коммуникация жана медиа департаменти