Обончу, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сыймык Бейшекеев Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде конокто

Бүгүн, 30-майда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде университеттин 30 жылдык маарекесине карата жана Сыймык Бейшекеев сахнада 30 жыл аттуу жолугушуу болуп өттү.
Маданий жолугушууга Сыймык Бейшекеев өзүнүн таланттуу шакирттери менен келип, күйөрмандарынын кызыктырган суроолоруна жооп берип, жагымдуу чыгармаларын аткарып маанайларын көтөрдү.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Кыргыз Республикасынын эл артисти Сыймык Бейшекеевге атайын убакыт бөлүп келип, окуу жайдын жамаатына майрамдык маанай тартуулаганы үчүн ыраазычылыгын билдирди.