Окутуучулар арасында интеллектуалдык таймаш өттү

Кечээ, 26-ноябрь күнү КӨЭАУнун кесиптик колледжинин мугалимдеринин арасында “Креативдүү окутуучу” аталышындагы интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Интеллектуалдык таймашты окуу жайдын ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович ачты. Ректор өз сөзүндө бүгүнкү күндө мамлекет мугалимдерге ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп жатканын айтып, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилиги дагы мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча бир топ алгылыктуу иштерди аткарып жатканына токтолду.
Иш чарага профсоюз уюмунун төрагасы Эгембердиев Шералы Манабович, кесиптик колледждин директору Абдуллаева Чолпон Хабибуллаевна катышып, каалоо-тилектерин билдиришти.
Ал эми жаш окутуучулардын илимий потенциалын, өнөрлөрүн ачууга, билимин өркүндөтүүгө багытталган таймашка колледждеги алты бирикменин жаш окутуучуларынан экиден адамдан куралган алты команда катышты. Алар өзүн тааныштыруу, тесттик суроолор, суроо-жооптор, интерактивдүү оюн, өз өнөрүн көрсөтүү этаптары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулап, билимдерин сынашты.
Жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып уюштуруучулар тарабынан диплоп, акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты. Эскерте кетсек, окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүктөрүн жогорулатуу максатында өткөн интеллектуалдык таймашты кесиптик колледждин “Педагогикалык сабактар” бирикмеси уюштурду.