Окуу-усулдук кеңештин кезектеги отуруму

2023-жылдын 17-ноябрь күнү Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университетинин №1 окуу имаратынын конференция залында Окуу-усулдук кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.
Күн тартибинде окутуучулардын кесиптик квалификациясын жогорулатууну уюштуруудагы механизмдер;
Дүйнөдөгү уникалдуу заманбап мектептер;
Окуу-усулдук колдонмолорду талкуулоо жана бекитүү маселелери каралды. Отурумга окуу жайдын проректорлору, окуу-усулдук кеңештин мүчөлөрү катышты.