Ошто Scopus изилдөө ресурстук борбору ачылды

ОшМУда Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча “Scopus Research Hub” ресурстук борбору ачылды. Борбордон Scopus эл аралык маалыматтар базасынан авторлорду, макалаларды жана журналдарды издөө, маалыматтарды алуу сыяктуу кызматтар көрсөтүлөт.
“Кандай журналдарга макалаларды чыгарууга боло тургандыгы боюнча борбордун адистери маалымат берип, көмөктөшөт. Аталган “Scopus Research Hub” ресурстук борборунун кызматын Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы ЖОЖдордун окутуучулары пайдалана алышат.
Борбордун ачылуу аземине “Elsevier” эл аралык маалыматтар базасынын глобалдык стратегиялык тармактар боюнча вице-президенти Марат Фатхуллин баштаган өкүлдөр, Informascope компаниясынын директору Чинар Киванч, түштүк регионундагы ЖОЖдордун ректорлору менен бирге Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков дагы катышып, борбордун ишине ийгилик каалады.
Нравится

Комментировать
Поделиться