Семинарда Кыргыз билим берүү академиясынын илимий изилдөөлөрдү уюштуруу лабораториясынын башкы илимий кызматкери, пед.и.д., профессор Добаев Кыргызбай Душенбекович төмөнкүдөй актуалдуу темалар боюнча баяндамалар жасап берди:
1. Санариптик технологиялар жана ХХI кылымдын көндүмдөрү;
2. Азыркы билим берүү системасындагы көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору.
Профессор К.Д.Добаев орто кылымдардан берки билим берүү системалары менен учурдагы билим берүү системаларын салыштырып, алардын өзгөчөлүктөрүн жана айырмачылыктарын угуучуларга жөнөкөй тил менен жеткиликтүү жана кызыктуу кылып баяндап берди.
Ошондой эле ХХI кылымдагы жумшак (мягкие) жана катуу (твердые) көндүмдөр тууралуу кеңири маалыматтарга токтолду. ХХI кылымдын жумшак көндүмдөрүнүн негизги өзгөчөлүктөрү болгон “коммуникация”, “коллаборация”, “критическое мышление” жана “креативность” түшүнүктөрүнүн азыркы ааламдашуу доорундагы чакырыктарды жана коркунучтарды чечүүдөгү зарылдыктарын баса белгиледи.
Бул семинарга борбордун мүчөлөрүнөн сырткары дагы университеттин окутуучулары кызыгып катышышты.
Семинардын аягында профессор К.Д.Добаевге борбордун башчысы Т.Э.Исаков университеттин ректору, пофессор А.А.Мамасыдыковдун атынан “Ыраазычылык баракчасын” тапшырды.