Программалык аккредитациядан өткөрүү иши жыйынтыкталды

Бүгүн, 23-ноябрда Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тиешелүү багыттарын программалык аккредитациядан өткөрүү ишин улантты.
Эксперттик комиссия алдын ала пландаштырылган иш программасынын алкагында университеттин жетекчилери, комиссия тарабынан каралып жаткан түзүмдөрдүн жана багыттардын башчылары менен жолугушууларды уюштуруп,
мамлекеттик сынактардын жыйынтыктарын, окуу процессин текшерип, анализ жүргүзүштү.
Иш программасына ылайык, иш кагаздарына жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы боюнча отчет түзүү үчүн комиссия мүчөлөрү жабык кеңешмеге чогулушуп, сырткы баалоонун алдын ала корутундусун угузуу менен өз ишин жыйынтыктады.