Профессор Кыргызбай Добаев студенттерге конок лекция өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 6-декабрында Кыргызстандын белгилүү окумуштуусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргызбай Дүйшөнбекович Добаев Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультети менен кесиптик колледжинде болду.
Университеттин эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору, профессор Аида Балтабаева аталган факультет менен колледждин билим берүү багытында жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү, жетишкен ийгиликтери, ошондой эле университеттин эл аралык байланыштары боюнча маалымат берди. Профессор Кыргызбай Дүйшөнбекович “Кыргызстандын билим берүү системасындагы санариптик технологиялар, реформалар жана 21-кылымдын көндүмдөрү: 12 жылдык билим берүү моделине өтүү” деген темада студенттерге конок лекция өтүп берди.
Конок лекцияда профессор Кыргызстандын билим берүү системасын заманбап чакырыктардын шартында трансформациялоонун актуалдуу маселелерине көңүл буруп, типтүү окуу пландарын заманбап мамлекеттик билим берүү стандарттарына өткөрүүгө басым жасоо керек экенин айтып, көп тилдүү билим берүү маселелерине токтолду. Лекция студенттердин кызыгуусун арттырып, талкуу менен коштолду. Соңунда профессор Добаев Кыргызбай Дүйшөнбековичке университет тарабынан сертификат тапшырылды.
____________________________
Сегодня, 6 декабря 2024 года, известный кыргызский учёный, доктор педагогических наук, профессор Кыргызбай Дуйшонбекович Добаев посетил гуманитарно-педагогический факультет и профессиональный колледж Кыргызско-Узбекского международного университета. Проректор университета по международным связям и стратегическому развитию, профессор Аида Балтабаева рассказала о деятельности и достижениях факультета и колледжа в сфере образования, а также об их международных связях.
Профессор Кыргызбай Дуйшонбекович прочитал гостевую лекцию для студентов на тему: «Цифровые технологии, реформы и навыки XXI века в системе образования Кыргызстана: переход на модель 12-летнего образования». В своей лекции профессор затронул актуальные вопросы трансформации образовательной системы Кыргызстана в условиях современных вызовов, подчеркнул необходимость приведения типовых учебных планов в соответствие с современными государственными образовательными стандартами и уделил внимание вопросам многоязычного образования.
Лекция вызвала большой интерес у студентов и сопровождалась активным обсуждением. В завершение профессор Добаев Кыргызбай Дуйшонбекович был награждён сертификатом от университета.