Ректор “Кыргыз Текстиль ЛТД” фабрикасында болду

Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору, профессор Балтабаева Аида Тынайбековна, кесиптик колледждин директору Абдуллаева Чолпон Хабибуллаевна “Кыргыз Текстиль ЛТД” фабрикасында болушту.
КӨЭАУнун ректору Абдилбает Асанович эки тараптуу түзүлгөн келишимге ылайык “Кыргыз Текстиль ЛТД” фабрикасынын жасап жаткан иштери менен жакындан таанышып чыгып, фабриканын жетекчилиги менен кайрадан студенттердин окуу процесстерин жүргүзүү, практикалык-лабороториялык жумуштарды жасоо боюнча макулдашып, биргелешип иш алып баруу боюнча пландарын талкуулашты.
Буга чейин студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу максатында, аталган фабрика менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети эки тараптуу келишим түзгөн. Анын алкагында 2022-2023-окуу жылында КӨЭАУнун кесиптик колледжинин тигүү кийимдерин конструкциялоо, моделдештирүү адистигинде окуган студенттерине “Кыргыз Текстиль ЛТД” фабрикасынын базасында өндүрүштүк-окуу процесси жүргүзүлгөн.