Ректор табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинде болду.

Аталган факультеттин деканы Жумагүл Жээнтаева факультеттин кафедралары, материалдык-техникалык базасы менен кенен тааныштырып чыкты.
Түзүмдөр менен жакындан таанышуунун алкагында ректор Абдилбает Асанович декан, декандын орун басарлары, кафедра башчылары менен жолугуп, факультетте жасалып жаткан иштер боюнча маалымат алып, алдыдагы пландарын талкуулашты. Жыйындын соңунда ректор факультеттин келечеги үчүн, ар тараптуу колдоолор болорун белгилеп, жетекчилердин ишине ийгилик каалап, аларды жигердүү иш алып барууга үндөдү.