Республикалык сынакта КӨЭАУнун студенттери жеңишке жетти

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринде окуган студенттер арасында өткөн “Элге багытталган сот адилеттиги” аттуу Республикалык соттук сынагында КӨЭАУнун юридика-бажы факультетинин студенттеринен куралган команда 3-орунду камсыздашты.
Бул сүйүнүчтүү кабарды аталган факультеттин деканы, ю.и.д., профессор Көкөева Алмагүл Муктарбековна маалымдап, жобого ылайык юридика-бажы факультетинин студенттеринен куралган команда келечектеги соттордун сынагына мыкты даярдыкта барганын жана жеңиш менен кайтканын кошумчалады. Ошондой эле сынак студенттердин юридикалык жөндөмүн, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана командада иштөө жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталганын билдирди.