Семинар тренинг өттү

 
2024-жылдын 29-апрель күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар курамынын квалификацияларын жогорулатуу максатында «Инновациялык технологиялар жана методдор» деген темада инновациялык семинар-тренинг болуп өттү.
Ал семинарды КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы “Инновациялык технологиялар” борборунун улук окутуучусу, улуттук тренер Оморова Айгүл Абдыкапаровна интерактивдүү методдорду колдонуу менен кызыктуу жана мазмундуу кылып өтүп берди.
Семинар-тренингдин аягында университеттин “Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо” борборунун башчысы Т.Э.Исаков тренер Айгүл Абдыкапаровнага КӨЭАУнун ректорунун атынан ыраазычылык катты тапшырды.