Бүгүн, 4-декабрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Ош шаарынын аймагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол-унаа кырсыктарынын жана алардын кесепеттерин алдын алууга багытталган иш чара болуп өттү.
Аталган иш чараны Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчилик курамы жана КӨЭАУнун юридика-экономика факультети биргеликте уюштурду.
Мында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штабынын башчысы, милициянын подполковниги Сайтходжаев Бахрам Хамидович студенттерге Кыргызстандагы жол кыймылынын коопсуздугу, адамдардын өмүрүнө коркунуч алып келген жагдайлар, жолдо жүрүү эрежелери, мас абалда рулга отурган фактылар боюнча баяндама жасап, жолду кесип өтүүдө атайын жөө адамдар үчүн белгиленген сызыктары бар жерлерден гана өтүү, тротуарда чоң адам ар дайым оң жакта жүрүүсү зарыл, катуу ылдамдыкта келе жаткан машинанын астынан чуркап өтпөө керек экенине токтолуп, жаштарды көчөдө жүргөндө өздөрүн тыкан алып жүрүүгө үндөдү.
Буга улай эле ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан келген конокторго сөз берилип, аталган башкармалыктын кызматкерлери студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп беришип, иш чара талкуу менен коштолду.
Иш чаранын жүрүшүндө юридика-экономика факультетинин деканы, ю.и.д. Алмагүл Көкөева келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.