Студенттер арасында спартакиада башталды

Бүгүн, 20-ноябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде факультет, колледжде окуган жалпы студенттер арасында спартакиада башталды. Спорттук иш чараны университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып берип, спартакиаданын катышуучуларын куттуктап, студенттерди биримдикке, ынтымакка чакырып, кызыктуу оюн көргөзүп, университетте эле эмес Ош шаарында, облуста, Республикалык мелдештерде ийгилик жараткыла деген каалоосун билдирди.
Окуу жайда спорт – ден соолуктун соолубас булагы катары бааланып, жыл сайын 1-курстардын, жалпы факультет, колледждеринде билим алган студенттер арасында, профессордук-окутуучулар жамаатынын ортосунда көп жылдардан бери спорттун ар кандай түрлөрү боюнча салтка айланган спорттук иш чаралар өткөрүлүп келет. Аталган спорттук таймаштар университеттин жетекчилигинин жана профсоюз уюмунун колдоосу менен окуу жайдын алдындагы “Достук” спорт клубу, дене тарбия мугалимдери тарабынан уюштурулуп турат.
20-ноябрдан 25-ноябрга чейин өткөрүлүүчү бул мелдеште катышуучулар спорттун 8 түрүнөн күч сынашат. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат. Мыкты деп табылган спортчулар үниверситеттин курама командаларына кошулат.