Студенттер күнү белгиленди

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 17-ноябрь Эл аралык студенттердин күнүнө карата жогорку деңгээлде майрамдык салтанат уюштурулду.
Майрамдык кече Ош шаарындагы “Баястан” ресторанында окуу жайдын жетекчилеринин, декандардын жана студенттердин катышуусунда өттү. Иш чараны университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып берип, жалпы студенттерди кызуу куттуктап, окуудагы, коомдук- маданий жана спорттук иштердеги алдыңкы студенттерге КӨЭАУнун сыйлыктарын тапшырды. Андан соң университеттин бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев куттуктап, профсоюз уюмунун сыйлыктарын берди. Буга улай эле Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин, Ош шаардык жаштар комитетинин сыйлыктары тапшырылды.
Мындай иш чаралар даталуу күндөрдө студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу максатында окуу жайдын студенттик жаштар комитети тарабынан өткөрүлүп келет.